ЖКККБ: Өлкөдө бир жума ичинде 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Автор -
558

2018-жылдын 1нен 7-июнь күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 22 836 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Алардын ичинен:

-жол чыракка баш ийбөө – 726

— коопсуздук куру жок – 5577;

-мас абалында унаа башкаруу – 107

-алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 81;

-жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу боюнча — 2941;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 776 унаа токтотулган.

Салынган айыптын болжолдуу суммасы — 12 445 200 сом.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө бир жума аралыгында 23 114 айдоочуга жалпы суммасы 11 миллион 444 миң 141 сом айып салынган.