Нарында жол кырсыгынан 8 адам жаракат алып, 1 адам каза болду.
Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя кечээ, 18-июнь күнү 00:15 чамасында Миң-Булак жана Өрнөк айылдарынын жолунда Москвич үлгүсүндөгү унаа менен Volkswagen Jetta унаасы сүзүшкөн.
Маалыматка ылайык, Москвич үлгүсүндөгү унаанын ичинде айдоочу жана аны аялы болгон. Ал эми Volkswagen Jetta унаасында 3 бала жана 4 киши бара жатышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Москвич үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү каза болуп, калган жарандар ар кандай жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Кырсыктан жабыркагандар:
С.М.1964-жылы туулган;
Б.К. 1969-жылы туулган (айдоочунун аялы окуя болгон жерден каза болгон);
М.Б. 1983-жылы туулган;
Ы.Н. 1986-жылы туулган;
Б.Б. 1983-жылы туулган;
А.Э. 1973-жылы туулган;
Т.Б. 2013-жылы туулган;
Т.Н. 2013-жылы туулган;
Т.Ж. 2006-жылы туулган.