Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен жоголгон экинчи адам Чычкан суусунан табылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын 26-июнь күнү саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун Өрүктү тилкесинде Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен.
Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Ооруканага жеткирилген жабырлануучулардын аты-жөнү такталды.
Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 2018-жылдын 26-июнь күнү 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер тартылып унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.
Ал эми экинчи адамдын жансыз денеси саат 12:00дө суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.