Япониядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 140 га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кырсыктын кесепетинен 70 адам дайынсыз жоголгон.
Өлкөнүн метеорологиялык агенттиги билдиргендей, жер көчкүлөр дагы деле коркунуч туудурууда. Табигый кырсыктан жабыркагандар жашаган райондордо жарандык коргоо күчтөрү тарабынан куткаруу операциялары жүрүп жатат.
Нөшөрлөп жааган жаан Японияда 5-июлда башталган.