«Өткөн жумада Казакстандык 25 жаштагы спортчу Денис Тен белгисиз адамдар тарабынан бычак менен жараланып, ооруканада каза болгон. Казакстан Коомдук кеңештин жыйынында олимпиада чемпиону Денис Тенге өлгөндөн кийин “Калк баатыры” наамын ыйгаруу сунушталды»,- деп билдирет Tengrinews.kz агентиги .
Алматы коомдук кеңешинин төрагасы Рахман Алшанов жыйында айтылган “Калк баатыры” наамын ыйгаруу демилгелери каралып жаткандыгын жана бул багытта иштер жүрүп жаткандыгын айткан. Төрага балким кайсы бир спорттук имараттын атын берүүнү карап жаткандыктарын да билдирген.
19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.
Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Шаардык ички иштер департаментинен билдиришкендей, Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталып, шектүүлөр изделүүдө.