Тажикстан Орусиядагы үч таштанды баланы мекенине кайтарат

Автор -
385

Тажикстан бийлиги Орусиядагы төрт үйлөрүнө апалары таштап кеткен үч наристени мекенине кайтарат. Тажикстан өкмөтүндөгү өз булак балдар 27-июль күнү Тажикстанга жөнөтүлөрүн айтты.

«Апалары балдарын таштап кеткени менен мамлекет аларды бөтөн жерде калтырбайт. Орусия Федерациясынын бир нече жараны аларды асырап алуу ниетин билдирген, бирок биздин дипломаттар тажик балдарын чет өлкөлүктөр багып ала албайт деген тыюуну жүйө келтирип баш тартышкан», -деди өз булак.

Асыранды балдар киши соодалагандардын колуна тийген учурлар катталгандан кийин Тажикстан 2000-жылдардын башында наристелерди чет өлкөлүктөргө берүүгө тыюу салган.

Бирок жакын арада бул тыюу жокко чыгарылып, мурдагы тажикстандыктардын бала асырап алуусуна артыкчылык берилиши мүмкүн.

Буга чейин БУУ тажик бийлигин чет өлкөлүктөр тарабынан бала багып алууга салынган тыюуну кайра карап чыгууга чакырган.