Бишкекте салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (Видео)

Автор -

Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов райондук салык кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шаар тургуну арыз менен аталган мекемеге кайрылган. Өз арызында салык кызматкери маселени оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган. Бишкек шаардык прокуратурасы аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш ишин козгоду.

Салык кызматкери өз кызматтык бөлмөсүндө 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.