Ош шаарынын мэри «Имзо” заводдунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Автор -
236

Бүгүн, 2-август күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов пластикалык терезе чыгаруучу «Имзо” заводдунун ишмердүүлүгүн көрүп кайтты.

Белгилей кетсек, «Имзо” заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган завод быйыл апрель айларында ачылып, 50гө  чукул шаардыктарга  жумуш орун түзүлгөн. Учурда айына  миң кв.м пластикалык терезелерди жана алюминий эшиктерди чыгарып, сапаттуу продукция менен шаардыктарды камсыз кылууда.

Айта кетсек, жакынкы аралыкта кыргыз-өзбек биргелешкен үй-тиричилик техникаларды чыгаруучу “Артель электроникс” заводу да ачылат.