Бишкек шаарында коомдук транспортту башкарып бара жатып, тасма көргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 1-августта социалдык тармактарда коомдук транспорттун айдоочусу унааны айдап бара жатып, тасма көргөндүгү боюнча видео жарыяланган. Ага ылайык №128 маршруттун айдоочусу Токтоназаров Билимбек кармалган.
Айдоочуга карата административдик иш козголду.