Бишкек шаарындагы эт комбинатынын чатырынан чыккан өрт бир суткадан бери толук өчүрүлүп бүтө элек. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-августта, таңкы саат 4.50лөр чамасында Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт комбинатынын чатырынан өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен комбинаттын болжолдуу түрдө 5000 чарчы метр аянты күйгөн. Ушу тапта кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.