Бишкекте маршруттук такси 11 жаштагы баланы сүзүп кетти

Автор -

Бишкекте маршруттук такси 11 жаштагы баланы сүзүп, ал алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-августта Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 281-маршруттук таксинин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.

Учурда тергөө иштери уланууда.