Бишкектин мурунку вице-мэри үй камагына чыгарылды

Автор -

Биринчи Май райондук соту Бишкектин мурунку вице-мэри Ренат Макеновдун баш коргоо чарасын карап чыкты. УКМКнын тергөөчүлөрү аны камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну өтүнүшкөн.

Сот Эмил Каипов Ренат Макеновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.

Эске салсак, Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган.

Макенов былтыр август айында Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп турган.