Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында дагы бир медаль алды. Ал кыздар арасында 5000 метрге чуркоодо экинчи келип, күмүш медалга ээ болду. Спортчу Кыргызстандын эсебине 17-медалды алып келди.
Жарышта 1-орунду Бахрейндин өкүлү ээледи (15 мүнөт 8,09 секунд). Коло медаль дагы бахрейндик спортчуга буюрду.
Белгилей кетсек, спортчу буга чейин 25-августта Азия оюндарынын алкагында 10 000 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеште алтын медаль тагынган.