“Айчүрөк” соода борборунда 42 жаштагы кардардын өлүмүнө шектелген 25 жаштагы Б.у.Т. аттуу жаран ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маркум 1973-жылы туулган З.С. аттуу киши экени белгилүү болгон.
«Шектелүүчү “Айчүрөк” соода борборунун сатуучусу. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, каза болгон 42 жаштагы жарандын акыркы мүнөттөрү аталган мкеменин мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндөгү видеобайкоого түшүп калган.
28-августта «Айчүрөк» соода борборунун мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндө 42 жаштагы киши набыт болгон. Анын денесинен көк ала тактар табылган.