Депутат Аида Салянованын инисинин өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү

Автор -

Бишкекте жашаган үйүнөн киши колдуу болуп каза болгон депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун иши сотко өттү. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Улан Саляновдун өлүмү боюнча биринчи соттук отурум 6-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда өтөт»,-деп айтылат маалыматта.

2017-жылдын 6-ноябрында 42 жаштагы Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин  ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үч адамдын бири күнөөсүн моюнуна алганын билдирген эле.