III ДКО: Кырчында Ош шаары улуттук кийимдердин 80ден ашуун түрүн көрсөттү (Фоторепортаж)

Автор -
869

Бүгүн, 4-сентябрь күнү Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда улуттук кийимдердин түрлөрүн көрсөтүү сынактары болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынан келген дизайнерлер кыргыздардын улуттук кийимдеринин 80ден ашуун түрүн көрсөттү.  Анда бийкечтерге, айымдарга, улгайган аял затына,  уул- балдарга, аксакалдарга, жигиттерге  таандык  көчмөн элинин доорлорун чагылдырган улуттук кийимдер көрсөтүлдү.