III ДКО: Эр эңиш боюнча мелдеште кыргыз балбандары биринчи орунду ээледи

Автор -
455

Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда балбандар 5 салмактык ченде күч сынашты. 

Кыргыз балбандары казак балбандары менен 5 салмактык категорияда күч сынашып, жыйынтыгында баары тең жеңишке жетишти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1 орун:

60 кг — Жекшенбек Турдубеков – Кыргызстан;

70 кг — Бузурманкул уулу Калыбек – Кыргызстан;

80 кг — Бердибек уулу Ислам – Кыргызстан;

90 кг — Конокбай уулу Баркыжоков – Кыргызстан;

90+ кг — Кумушбек Кыдыралиев – Кыргызстан.

2 орун:

60 кг — Азамат Сергазин – Казахстан;

70 кг — Эрназар Байгонов  – Казахстан;

80 кг — Бердибек уулу Ислам – Казахстан;

90 кг — Сырым Избасаров – Казахстан;

90+ кг — Биржан Косалиев – Казахстан.

3 орун:

60 кг – Базарбай Матиев– Монголия;

70 кг – Магай Айткалы  — Монголия;

80 кг – Мунур уулу Амантур – Россия (Красноясрк)

90 кг – Чыныбек уулу Русланбек – Россия (Красноярск)

90+ кг – Талибов Ихтиёр – Өзбекстан.

Мелдештин соңунда 1-орунга ээ болгон балбандарга 70 миң сом, 2-орунга 35 миң, ал эми 3-4-орунду ээлегендерге 17 миң 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.