Бишкек шаарында бүгүн, 10-сентябрда жол кырсыгы катталып айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя саат 12:00дөр чамасында Махатма Ганди көчөсүндө катталган.
«Унаа жогорку ылдамдыкта келе жаткандыктан айдоочу аны башкара албай калган. Азыркы тапта айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди, ал эми унаа болсо айып аянтчасына алып барылат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.