Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунан билдиришти.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
— 8:00дөн 17:00гө чейин Кайназарова, Профсоюзная, Талды-Суу, Бурдинская көчөлөрүндө жана Маданият конушунда,
-9:00дөн 11:00гө чейин Скрябин көчөсү (№ 13Б, 43-үй) жана Байтик баатыр көчөсүндөгү № 9-үй,
-9:00дөн 18:00гө чейин Көк-Жар конушунда (Кулмурзаев, Керемет, Куйручук, Молдокулов көчөлөрү), Бакай-Ата конушунда (Ырчы, Табылды, Анар, Көкчө, Нооруз, Конорчок, Сыргак көчөлөрүндө) жана Фрунзе көчөсүндөгү № 300-үй.
-9:30дан 12:00гө чейин Ала-Тоо конушунда (Талды-Булак, Кара-Алма көчөлөрүндө),
-9:30дан 18:00гө чейин Садырбаев, Серафимович, Кемин, Серёгин, Фучик (ЧЧКдан ары жагы), Бөкөнбаев, Коёнкөзов көчөлөрү жана Арча-Бешик конушунда,
-9:30дан 19:00гө чейин Кирпичная, Осмонкул, Древесная, Жданов, Абдыкадыров, Суворов, Разин, Кайыңды көчөлөрү жана Тугучинский тар көчөсүндө, ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында жана 12-кичи райондогу № 42-46, 48-53-үйлөрүндө электр жарыгы өчөт.