Өзгөндө 5 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жолдон өтүп бара жаткан 5 жашар баланы «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, бала ооруканага жеткирилди.
Окуя Салижан Шарипов орто мектебинин алдында болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.