ТурСтат аналитикалык агенттиги Көз карандысыз мамлекеттер арасында орусиялык туристтер үчүн күзүндө саякаттоого ыңгайлуу болгон белгилүү шаарларды жарыялады.
Күзгү саякат үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү арзан баадагы турларды көбүн эсе Кыргызстанга жана Өзбекстанга тандашат. Ал эми дем алыш күндөрүнө жана соода сатык үчүн Астана жана Баку шаарлары ыӊгайлуу.
ТурСтаттын маалыматына караганда, Кыргызстанга келген туристтер орто эсеп менен 6 күн турат, күнүнө жашоосуна 45$ сарптайт.
КМШ өлкөлөрүндөгү күзгү саякатка ыңгайлуу шаарлардын тизмеси:
- Минск (Беларусь)
- Астана (Казахстан)
- Баку (Азербайджан)
- Ереван (Армения)
- Ташкент (Өзбекстан)
- Алматы (Казахстан)
- Бишкек (Кыргызстан)
- Кишинев (Молдова)
- Душанбе (Тажикстан)
- Ашхабад (Туркменистан)
Рейтинг 2018-жыл күзгү сезонго болгон талаптын негизинде чыгарылган.