Бишкектин четиндеги “Супара” этно-комплексинде түн ичинде өрт чыгып, эртең менен өчүрүлдү. ӨКМдин маалымат кызматы өрт тууралуу кабар түнкү саат экиде түшкөнүн жана саат 03:24тө чектөөгө алынганын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, өрт мекеменин ашканасынан чыгып, башка жайларга жеткен эмес.
Өрттүн кесепетинен жаңы курулуп жаткан имарат жана алты боз үй күйүп кеткен.
«Өрттүн болжолдуу себептеринин бири электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгышы мүмкүн»,-деп билдирген ӨКМдин басма сөз кызматы.