Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Арпачиев бул кызматка 2016-жылы май айында шайланган эле. Шаардык кеңештин депутаттары ага эки жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.