«Акыркы мезгилдеги базарлардагы жана коомдук жайлардагы чыккан өрт маселесин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алды»,-деп билдирди өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев парламент жыйынында билдирди.
«Депутаттар айтып жаткан өрт маселеси боюнча өкмөт иштерди баштаган. Өкмөт башчы бир жумалык мөөнөттө базарлардагы жана коомдук жайлардагы өрткө талаптардын сакталышын тапшырды. Бул маселе боюнча өкмөттө чоң жыйын өттү. Жыйынга ИИМден, ӨКМнын өкүлдөрү жана тийиштүү кызматтар катышып, өкмөт башчыга маалыматтарды беришти. Бул маселе өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө турат», — деди Темирбаев.