Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Тажикстандын жараны кармалды

Автор -
241

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын  ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча 2018-жылдын 19-сентябрында  Баткен  чек ара отрядынын чек арачылары  мамлекеттик чек арадан  мыйзамсыз өткөн Тажикстандын жаранын  кармашкан.

Тажикстандын 1999-жылы төрөлгөн М.М., аттуу жараны  кыргыз-тажик  мамлекеттик чек арасын көзөмөл пунктунан сырткары  жерден өтүп,  чек  ара кызматы тарабынан  Кыргызстандын территориясынын чек ара тилкесинен 500 метр аралыкта кармалган.  Жарандын жанында өздүгүн тастыктаган документтери жок болуп чыккан.

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык кармалган адам айып тартып,  тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнө тапшырылган.