Өзгөн районунун Кароол айылында 2 унаа кагышып кетип, бири өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 22-сентябрда саат 22:25 чамасында болгон.
«Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 31 жаштагы тургуну жүк ташыган «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Ошол кезде «Форд Мондеодон» өрт чыгып, күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен анын айдоочусу каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.