Ош-Бишкек жолунда жүк ташыган унаа 15 жылкыны сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-октябрда трассанын 448-чакырымында болгон. Жүк ташуучу унаа менен келе жаткан Сүлүктү шаарынын жашоочусу жолго чыгып кеткен аттар үйүрүн байкабай калып, тормозду ыкчам басууга жетишпей калган. Натыйжада унаа алдында 15 жылкы калып, үчөөсүн союуга мүмкүн болду.
Азыркы учурда бул факты боюнча Таш-Көмүр райондук ички иштер бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.