Экс-президент Алмазбек Атамбаев 24-27-октябрда Москва шаарында өтө турчу саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышат. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттериндеги алдыңкы партиялар экстремизмге каршы күрөш жана эл аралык маселелерди талкуулайт.