Баткендин Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Шамбе-Сай алтын кенин иштетүүгө каршылык акциясына чыккан элди милиция кызматкерлери кармап кетишти.
Милиция кызматкерлеринин кармап кеткени тартылган видео Фейсбук социалдык тармагына жарыяланып кетти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ Шамбе-Сай алтын кенин иштетүү үчүн топурак менен сууну текшерүү үчүн адистер барганда болгон.
Белгилей кетсек, Майдан айыл өкмөтүндө жалпы 13 айыл бар жана анда 12 500дөй адам жашайт.
Шамбе-Сай кенинде болжол менен сегиз тоннадай алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген.