Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр

Автор -

Жогорку Кеӊеште 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу парламенттин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу сурады.

“Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даярбы? Жергиликтүү көмүргө өткөрүү маселеси көтөрүлдү эле, эмне иштер аткарылды, канча пайыз көмүр жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алынат?”, — деди Эргешов.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБи жылытууга даяр экенин билдирди.

“ЖЭБ бүгүнкү күндө жылытуу мезгилине даяр. 18-октябрдан тартып жылуулук бериле баштады. Химиялык тазалоочу цех боюнча 1-октябрда жаңы тетиктер коюлуп бүттү. 6 миллион доллар жумшалды, ал каражат 386 миллион доллардын ичинен сарпталды. Бүгүнкү күндө 60 пайызы жергиликтүү көмүр. Анын 55 пайызы Кара-Кече көмүрү, 5 пайызы Таш-Көмүрдүн көмүрү. 40 пайызы Казакстандан келген көмүр”, — деди Боронов.