Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын орто ченинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен Өзбек Республикасынын министрлер кабинетине караштуу өсүмдүктөрдун карантини боюнча мамлекеттик инспекциясы Ташкент шаарында болгон эки тараптуу жолугушууда, Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча маселе каралган.
Өзбекстан тарап Кыргызстандан картошканы алып келүү үчүн 17 фирманын тизмесин бекитип, айтылган фирмалар аркылуу картошка сатып аларын билдирген. Учурда ушул фирмалар менен Кыргызстан тараптагы ишкерлер келишимдерди түзүү жана картошканы экспорттоо жагы каралууда.
Жогорудагы эки тараптуу жолугушуудан кийин Өзбекстанга картошканы сатуу боюнча Ысык-Көл облусунда “Наманган Универсал Савдо-Инвест” МЖЧ фирмасы аркылуу Өзбекстан Респуликасына картошка чыгаруу үчүн жеке ишкер Д. Мусабаева менен 2 миң тоннага келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө 66 тонна картошка жөнөтүлдү.
Министрлик ушул менен эле чектелип калбастан башка кошуна өлкөлөргө айыл-чарба азык-түлүктөрүн сатуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын картошка өндүрүүчүлөрү менен биргеликте Айыл чарба министрлиги 2018-жылдын 31-октябрында Балыкчы шаарында жыйналыш өткөрүлдү.
Иш-чара, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашевдин жетекчилиги астында өттү. Өндүрүлгөн картошканы сырткы базарларга экспорттоо максатында иш-чара уюуштурулду.
Бүгүн, 2-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, өзбек импортёрлору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев, Өзбекстандагы Кыргыз элчиси жана Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан бирден өкүл картошканы экспорттоо,импортто жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.