Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун атасы каза болгонун Өкмөттүн маалымат кызматына шилтеме берип, sputnik.kg агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьердин атасы Айылчы Боронов бүгүн 3-ноябрда, эртең менен көз жумган. Ал 83 жашта болчу, буга чейин ооруп жүргөн.
Сөөгү эртең Ош облусунун Алай районуна караштуу Жошолу айылында жерге берилет.