Бишкекте Мамкаттоо кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Автор -
369

Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Н. аттуу бөлүм башчысы унааларды каттоодо жана автомектептердин окуучулары айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен берүүдө жарандардан мыйзамсыз түрдө акчаларды алуу максатында коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.