Баткен облусунун прокурору киши колдуу болду

Автор -
370

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул тууралууу Ички иштер министрлигине шилтеме берип “Азаттык» жазып чыкты.

«Облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деп билдирди Бакыт Сеитов.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатат.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголду.

Маркум 17-ноябрда азыр сурак берип жаткан жетекчи менен чогуу жүргөнүн көргөн күбөлөр бар. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактар Мамажакыповдун жанында райондогу башка прокурорлор да болгонун айтышты.

43 жаштагы прокурордун сөөгүн жакындары Чоң-Алай айылына алып кетишти.