Бишкектин айрым аймактарында 2 күн жаратылыш газы жок болот (тизме)

Автор -

22-23-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана айрым аймактарда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:

— 22-23- ноябрда Лебединовка айылынын Мичурин, Мамыркалиева, Ленин, Лермантов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

— 22-23-ноябрда Бишкек шаарынын Абдрахманов, БЧК, Табачная, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

-22-ноябрда саат 8:00-17:00гө чейин Кант шаарынын Ленин, Кутузов, Гризадубов, Восточный, Г.Алиев, Зубков, К. Маркс, «Шенси» кафеси, «Килам» көчөлөрүндө;

— 23-ноябрда саат 9:00-17:00гө чейин Жалал-Абад обл. Сузак бөлүгүнүн Ленина көчөсүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.