Бүгүн, 2018-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, ошондой эле министрликтер ортосундагы эки тараптуу консультацияларды жана бийик деңгээлдеги иш-сапарларды уюштуруу иштерин талкуулады.