“Кыздыгың жок деп” үйдөн кууп чыккан жигит жоопкерчиликке тарттылбай жатат (Видео)

Автор -
525

Бир жылдан ашуун убакыттан бери Хатлон облусунун 21 жаштагы тургуну Мастона Асо ар-намысын калыбына келтирүүгө аракет жасоодо. Ал 2017-жылы турмушка чыккан, бирок үлпөт той өткөндөн кийин күйөөсү “кыздыгың жок деп” Мастонаны үйдөн кууп чыккан.

Анын айтымында, күйөөгө тийгенге чейин абийирин таза сактаганын тастыктаган бир нече медициналык аныктама бар. Мастона жалган жалаа жаап, ур-токмокко алган күйөөсүн жоопкерчиликке тарттырууну көздөөдө:

– Бир жыл ичинде какпаган эшигибиз калган жок. Же прокурор, же сот, же адвокат же аялдар иштери комитетинде иштеген кызматкер биздин маселеге такыр көңүл бурган жок. Акчаң жок болсо, сен киши эмессиң. Меники жөнөкөй маселе эмес. Жалган жалаа жаап, мени үйдөн кууп чыгышты, бирок эч ким муну териштиргиси келбейт.

Кыздын атасы Асомиддин Жалолов бир жыл ичинде 16 мамлекеттик мекемеге кайрылган, бирок алар түгүл укук коргоо уюмдары дагы бул ишке көңүл бурган эмес.

Мастона муну менен майтарылып калбай турганын, келечекте милиционер болорун айтат:

– Атам мен үчүн абдан бушайман болуп жатат жана ар-намысымды калыбына келтирүүгө аракет жасоодо. Ал мени колдоп, университетке тапшырууга да жардам берет деп ишенем.

«Азаттыктын» тажик кызматы Мастонанын окуясын эки ай мурун да жарыялаган. Бул маселе коомчулук арасында кызуу талкууга алынган. Карапайым кишилер кызга жардам берүүгө дилгир. Мастона болсо азырынча жаңы үй-бүлө курууга даяр эмес.

Бийлик өкүлдөрү бул боюнча такыр комментарий бере элек. Аялдар жана үй-бүлө иштери комитети мурда зомбулуктун бардык түрүн айыптай турганын билдирген.