Кыргызстандагы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, китеп Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилмекчи.
«Иштелип чыгуучу колдонмо китептер жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталмакчы», -деп жазылат маалыматта.