Баткенде Улуттук гвардиянын сержантынын сөөгү табылган. Аталган маалыматты Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Алдын ала маалыматка ылайык, окуя кечээ эртең менен болгон. Анда сержант жакын туугандары менен болгон пикир келишпестиктен улам асынып алган.
Сержант 2018-жылдын эсеби боюнча кезектеги эс алууда жүргөн.