Лейлек районунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 9-декабрь күнү саат 05:36 Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 337-чакырымында (Белес тилкеси) болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам 1979-ж.т. Х.Н., 1985-ж.т. К.М. жана 1993-ж.т. М уулу А каза болгон .
Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №74 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.