Өмүрбек Бабанов 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү постун жарыялады.
Анда 1978-жылдары тартылган Бабановдун атасы Токтогул Бабанов менен Чыңгыз Айтматовдун бирге түшкөн сурөттөрүн көрүүгө болот.
Ал өзү туулуп өскөн Грозное айылындагы мектептин ачылышына улуу жазуучунун келип катышкандыгын эскерди.
«Бүгүн, 12-декабрда белгилүү жазуучу 90 жашка чыкмак.Чыӊгыз Айтматов өзүнүн чыгармалары, талыкпаган эмгеги менен көптөгөн адамдарга өрнөк боло алды. Анын атын каралоого аракет кылгандарга карабай өз ордун тапты»,-деп эскерет саясатчы.