Францияда Рождество майрамына карата өтүп жаткан жарманкеде ок атылып, үч киши каза болду (Видео)

Автор -

Шейшемби кечинде Франциянын Страсбург шаарында Рождество майрамына карата өтүп жаткан жарманкеде ок атылып, үч киши мерт болду. Мындан тышкары дагы ондон ашык киши жаракат алганы кабарланууда.

Күбөлөрдүн айтымдарында, кылмышкер аянттын ар кайсыл бөлүгүнөн бир нече жолу ок аткан. Учурда полиция анын тек-жайын аныктап, колго түшүрүү аракетин көрүүдө.

Маалыматтарга караганда, окуя болгон жер курчоого алынып, шаардын борборунда унаа кыймылы токтотулду. Азырынча кылмышкердин бул кадамга барышынын себептери белгисиз. Учурда тергөө иштери башталып, ага өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүү мекемеси көзөмөл кылууда.

Францияда 2015-жылы Парижде болгон террордук кол салуудан кийин киргизилген күчөтүлгөн коопсуздук чаралары дале сакталууда. Акыркы үч жылдын ичинде өлкөдө бир нече теракт болуп, жалпысынан 200дөн ашык киши мерт болгон.

Бөлүшүү