Москва районунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, 18-декабрь күнү Москва районунун  Ак-Суу айылында «Ярмарка» борбордук базарында райондук Жарандык коргоо кызматтары менен биргеликте өрт-тактикалык машыгуу өткөрүүлдү.

Бул иш-чаранын  негизги максаты — өздүк курамдын жана соода ишмерлеринин  соода базарында  өрт кырсыктары  катталган мезгилинде алгачкы кыймыл аракеттер, элди эвакуациялоо жана өрттүн тез жайылып кетүү мүңкүнчүлүгүн азайтуу аракеттерин үйрөтүү жана өздүк курамдын кесиптик дэңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Москва райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы подполковник Жыргал Шадыбеков билдиргендей, жалпысынан район боюнча   9 жолу өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.