Тажикстанда милициянын подполковниги эки аял алганы үчүн соттолду

Автор -

Гиссар шаардык соту милиция подполковнигин көп аял алуу боюнча күнөөлүү деп таап, 50 миң сомони же 5300 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Санъатулло Саъдуллоевго карата сот өкүмү 14-декабрда чыккан жана мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Подполковник соттун өкүмүнө макул эмес жана жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди. Ошол эле маалда ал 2006-2016-жылдары эки аял менен жашаганын мойнуна алып, бирок эки жыл мурун экинчи аялына талак бергенин билдирди.

Саъдуллоевдин айтымында, ага иш козголгондон бери үч жолу мунапыс жарыяланган жана мыйзам боюнча жоопкерчиликтен бошотулушу керек. Эгер ага амнистия колдонулбаса, 50 миң сомони төлөп, жумушунан бошотулушу да ыктымал. Бирок Саъдуллоев мындай болгон учурда эки аялынан төрөлгөн алты баласына алимент төлөй албай каларын билдирди:

– Мамлекеттик айыптоочу жана сот биринчи аялыма атама таандык үйүмдү берүүнү же 50 миң сомони төлөөнү талап кылды. Бирок оорукчан атамдын үйүн бере албайм, ал жерде бир нече киши жашайт. 25 жылдан бери укук коргоо органдарында иштейм, акыркы 15 жылдан бери жер тилкесин алуу үчүн кезекте турам, өзүмдүн үйүм жок. Учурда айып пулду дагы төлөй албайм, себеби айлыгым күнүмдүк чыгымдарга араң жетет.

Санъатулло Cаъдуллоев биринчи никедеги аялы, 40 жаштагы Малохат Азизова менен 17 жыл жашаган. Ортодо эки бала бар. Азизова күйөөсү айып пул жана балдарына алимент төлөп бериши керек деп эсептейт.

Анын айтымында күйөөсү ага “талак” берген, бирок расмий түрдө ажырашышкан эмес:

– Мектепте окуган эки балам менен атамдын үйүнө батпайм, ал жакта өгөй энем бар. Мыйзам адилеттүү болушу керек. Эгер менин маселем чечилбесе, президентке чейин кайрылам.

Подполковниктин экинчи аялы – 41 жаштагы Гулбахор Валиева өткөн аптада Саъдуллоев менен алты жыл мурун нике кыйдырганын, бирок биринчи аялы менен болгон жаңжалдан кийин “талак” алганын билдирген.