Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүрткөн жаран кармалды

Автор -

«Ленин РИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине белгисиз жаран сатуу үчүн баңгизатты даярдагандыгы тууралуу ыкчам мүнөздөгү маалымат келип түшкөн»,— деп билдирди Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү түнкү саат 03:00 чамасында шектүү А.Б. аттуу жарандын үйүндө санкциалык текшерүү жүргүзүлгөн. Кылмышка шектүүнүн үйүн текшерүүдө төмөндөгү заттар табылган: кара куурай жыттуу кочкул-жашыл түстөгү 6 жарым мүшөк кургатылган чөптөр жана күрөң түстөгү 20 ширенкенин кутусуна жана 2 баштыкка салыган шектүү зат табылган.

Табылган баңгизаттар экспертиза бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, натыйжада бардыгы болуп 6,5 кургатылган марихуананын ичиндеги заттар 47.588 килограммды, 20 ширенкенин кутусуна жана 2 баштыкчадагы “гашиш” баңгизаты 1.872 граммады түзгөн.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесине (Мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, сатуу максаты менен өткөрүп берүү, ошондой эле мыйзамсыз өндүрүү же сатуу, наркотикалык заттарды сатуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан кылмышка шектүү жаранга карата 2 айга камакка алуу чечими чыгып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.