Ош шаарында жаңы жылда коомдук транспорттор түнкүсүн иштейт

Автор -
362

Ош шаарында жаңы жыл майрамында коомдук транспорттор түнкү саат 01.00 гө чейин иштейт. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди.

“31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат 1ге чейин иштейт. Майрамдык иш-чараларга келген шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттор менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында тиешелүү ишканалар буйрук чыгарышты. Кичи автобустар менен троллейбус шаардын бардык аймактарына эл ташыйт”,-деди вице-мэр.