ӨКМдин маалыматына ылайык, Аламүдүн районунда кечээ, 27-декабрь күнү саат 03:40 чамасында Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо “Гольф-3” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 1 аял киши каза болгон.
КР ӨКМнин №1 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.