Кытай «белгиленген чаралар» сакталса, БУУ өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 7-январда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лу Кань БУУнун эксперттери Кытайга киргендерге карата коюлган бардык талаптарды аткарып, «өлкөнүн ички иштерине аралашуудан оолак болуп, бейтараптык менен калыстыкты көрсөтүшү керектигин белгилеген.
Былтыр декабрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет уюмдун эксперттери Шинжаңдагы казак, уйгур, кыргыз, татар улутундагылардын абалы тууралуу “кооптондурган маалыматты” алып жатышканын билдирген.
Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери тарай баштаган.
Буга чейин БУУ мындай лагерлерде 1 миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.