Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында белгилүү болгон.
Семетей Султановдун ордуна биринчи вице-президент Дастан Конокбаев федерация башчылыгынын убактылуу кызматын аткаруучу болуп шайланды.
Семетей Султанов 2012-жылы 7-декабрда алгачкы мөөнөткө шайланган болчу. Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендиги айтылып келет.