«Бишкек шаарындагы маршрутка айдоочулары митингге каршы чыкты»,-деген билдирүү менен Facebook колдоонучусу Азат Шаршен уулу айдоочулардын кайрылуусун жарыялады.
«Ар кандай митингдерди өткөргөндөн көрө иштейли! Үй-бүлөнү багыш керек, баарыбыздын эле насыябыз бар. Айрымдары ижарага унаа алып иштетип жатат. Митинг кырдаалдан чыгуунун жолу эмес», — деп билдиришкен айдоочулар.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мериясы маршрутканын жол кире акысын 12 сомго көтөрүүнү сунуштаган эле. Мына ушундан улам айрым маалымат каражаттары маршрутка айдоочулары митинг уюштурууну пландап жатканын жазып чыгышкан.